Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-6
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы
А.Шамуратовдун 2024-жылдын 17-июлундагы №316 жана 30-июлундагы №393 сандуу каттары жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 17-июлундагы №316 сандуу катына негиз, Алашан айылындагы таза сууга 150 000 (бир жүз элүү миң) сом жана 30-июлундагы №393 сандуу катына негиз «Тешик-Таш» ИСКАКБнын сел алып кеткен таза суу линияларына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 17-июлундагы №316 сандуу катына негиз, Алашан айылындагы таза сууга 150 000 (бир жүз элүү миң) сом жана 30-июлундагы №393 сандуу катына негиз «Тешик-Таш» ИСКАКБнын сел алып кеткен таза суу линияларына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттарын беренелерине коюп, мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |