Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-7
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 25-июлундагы №01-25/3201 сандуу каты тууралуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 25-июлундагы №01-25/3201 сандуу катына негиз, Гезарт жайлоосуна Чили-Сай дарыясын бойлоп кеткен жол селдин кесепетинен жараксыз абалга келип калгандыктан, калыбына келтирүү максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гезарт жайлоосуна Чили-Сай дарыясын бойлоп кеткен жол селдин кесепетинен жараксыз абалга келип калгандыктан, калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын беренелерине коюп, мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |