Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-8
Алашан айылынын тургуну К.Мустапаевге материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Алашан айылынын тургуну К.Мустапаевдин кызы Абдрахманова Аруузат рак ооруусу менен ооруп, Турция мамлекетинде дарыланууга муктаж болгондуктан материалдык жардам берүү максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алашан айылынын тургуну К.Мустапаевдин кызы Абдрахманова Аруузат рак ооруусу менен ооруп, Турция мамлекетинде дарыланууга муктаж болгондуктан материалдык жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 28241100 беренесинен 20 000 (он миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |