Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-9
Борбаш айылынын тургуну Айдарбеков Баатыралинин жер участогун
муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Борбаш айылынын тургуну Айдарбеков Баатыралинин 383,50 чарчы метр жер участогуна балдар ойноочу аянтча куруу үчүн муниципалдык менчикке сатып алуу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын тургуну Айдарбеков Баатыралинин 383,50 чарчы метр жер участогуна көз карандысыз баалоочудан корутунду алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
2. Көз карандысыз баалоочу бааланган жер участогунун баасы, мүлк ээсинин сунуш кылган баасынан кем болбосо, жер участогун муниципалдык менчикке сатып алууга 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
3.Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |