Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-10
Каранай айылындагы 974 а контурундагы кайра бөлүштүрүү фондунан 1 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш”
категориясына которуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 17-июлундагы №309 сандуу катына негиз, Каранай айылына балдар бакчасын куруу үчүн Каранай айылындагы 974 а контурунан кайра бөлүштүрүү фондунан 1 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каранай айылына балдар бакчасын куруу үчүн Каранай айылындагы 974 а контурунан кайра бөлүштүрүү фондунан 1 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |