Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-11
Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагында ээсиз катталган жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүү максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катынын тиркемесиндеги ээсиз катталган (короо, сарай, дымкана, малкана), бирок турак-жай салып жашап жаткан жарандардын жер аянттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндө №21 Жарлыгына негиз мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №306 сандуу катынын тиркемесиндеги ээсиз катталган (короо, сарай, дымкана, малкана) турак-жай салып жашап жаткан 85 (сексен беш) жарандын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана токтомду аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |