Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-12
Жер мунапысынын субъектилерине жеке турак жай куруу үчүн бекитилип
берилүүчү жер участокторунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 11-июнундагы №01-25/2416 сандуу жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 15-июлундагы №308 сандуу катына негиз, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына ылайык Көк-Жар, Он Эки-Бел жана Найман айыл аймактары бириктирилгенге чейинки айылдык кеңештери кабыл алган, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун 18-пунктунун 4-абзацына ылайык жер мунапысынын субъектилерине жеке турак жай куруу үчүн бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү токтомдорун өз күчүндө калтыруу максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 23-сентябрындагы Он Эки Бел айылдык кеңешинин №8-1-токтому өз күчүндө калтырылсын.
2. 2022-жылдын 12-октябрындагы Найман айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 10-сессиясынын №10-1 токтому өз күчүндө калтырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана токтомду аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |