Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-14
Көк-Жар айыл аймагындагы социалдык объекттерди күз-кыш айларына даярдоо үчүн 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы социалдык объекттерди күз-кыш айларына даярдоо үчүн 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан бөлүп берүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруудан түшкөн акча каражатынан «Ак-Шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки билим берүү мекемесине конфор меш (конфорочная плита) сатып алууга 100 000 (жүз миң) сом, «Көк-Жар таңы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы кошулган каананын жылытуу системасына 213 800 (эки жүз он үч миң сегиз жүз) сом жана конфор меш сатып алууга 100 000 (жүз миң) сом, «Сүйкүм» мектепке чейинки билим берүү мекемесине отказан алууга 200 000 (эки жүз миң) сом, «Жийде-Бурак» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасына 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |