КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-15
Нарай айылына стадион куруу үчүн ажыратылган 1га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-18-беренелерине ылайык, Нарай айылына стадион куруу үчүн ажыратылган 1га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарай айылына суулуу фондтун 1197 контурунан Стадион куруу үчүн ажыратылган 1га жер аянтын калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана токтомду аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |