Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-16
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2022-жылдын 24-январындагы 8-сессиясынын №8-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2022-жылдын 24-январындагы 8-сессиясынын Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып жана таштанды сактоочу жайды ачууга макулдук берүү жөнүндө №8-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2022-жылдын 24-январындагы 8-сессиясынын №8-4 токтомунун 3-пунктундагы Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан 8,70га жер аянты 2,5 га жер аянты деп өзгөртүлсүн.
2.Турмуш тиричилик калдыктарын таштоочу 2,5 га жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын 2024-жылдын 1-сентябрына чейин мыйзам чегинде даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |