Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-18
Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын Көк-Жар айыл
аймактык бөлүмүнө жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын Көк-Жар айыл аймактык бөлүмүнө муниципалдык менчиктеги социалдык объект (контора) куруу үчүн 0,07 га жер аянтын ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине негиз, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын Көк-Жар айыл аймактык бөлүмүнө муниципалдык менчиктеги социалдык объект (контора) куруу үчүн 0,07 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана жер маселелери боюнча адиси Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |