Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-19
Көк-Жар айыл аймагындагы «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки
билим берүү мекемесине кошумча 10 сааттык 1 (бир) тайпа ачууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине негиз «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кошумча 10 сааттык 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берүү максатында Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак шоола-Сарыкаңды» мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча 10 сааттык 1 (бир) тайпа ачууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Н.Бороновага жана тиешелүү мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |