Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-20
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекесеине караштуу К. Жолдошова атындагы ички жолду капиталдык оңдоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар веб порталына тиркелген сметаны чыныгы базар баасында эсептеп бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Көк-Жар айылында жайгашкан К. Жолдошова атындагы ички жолду капиталдык оңдоо максатында 2024-жылдын 17-майында жарыяланган №240517444490440 сандуу мамлекеттик сатып алуулар веб порталына тиркелген смета туура эмес эсептелинип калгандыгына байланыштуу, туура базар баасында эсептелинген сметаны бекитүү үчүн Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы тарабынан жолдонгон катынын негизинде , Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Көк-Жар айылында жайгашкан К. Жолдошова атындагы ички жолду капиталдык оңдоо боюнча мамлекеттик сатып алуулар веб порталына тиркелген, туура эмес эсептелинип калган смета, туура базар баасында эсептелинген 1 777 619 (бир млн жети жүз жетимиш жети миң алты жүз он тогуз) сомдук сметага өзгөрүлсүн.
2.Анык базар баасында эсептелинген сметаны тууралыгын текшерип, мыйзамсыз түзүлгөндүгүн карап чыгуу жагы атайын техникалык көзөмөл адиси Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилип берилген сметага негиз иш алынып барылуусун көзөмөлдөө жумушту кабыл алуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
4.Жумушту атайын бекитилген сметага негиз мыйзам чегинде аткарып, сметадан чыкпай жумушту өткөрүп берүү жагы мамлекеттик сатып алуулар веб порталында утуп алган “Мега-Нур” ЖЧКнын директору Абылов Майрамбек Акылбековичке тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |