Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-21
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга бюджетинин орто
мөөнөттүү болжолу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселеси Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесин колго алып, жергиликтүү бюджеттин 2025-2027-жылдарга орточо мөөнөттүү болжолдуу долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депуттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыгылгандыктан Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулунун «Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү” маалыматы эске алынсын.
2.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү- 54095,9 миң сомго бекитилсин.
3.2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү- 56327,2 миң сомго бекитилсин.
4.2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү- 57625,0 сомго бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы.
Төрага: | Р. Арапов |