Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 40180,7 (кырк миллион бир жүз сексен миң жети жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 40180,7 (кырк миллион бир жүз сексен миң жети жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, көмүр-отун сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратына 12 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомунун 4-главасынын 17-пункутуна ылайык 5 (беш) келишим менен кызматкер каралсын.
5. Кашка-Суу айылдык кенешине 1 штаттык бирдик каралсын (айылдык кеңешинин жооптуу катчысы).
6. Клубдарга 15 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 5 штат.
7. Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.И. Карыбеков |