Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы маданият үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу анда эмгектенген 4 (төрт) кызматкерге эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы маданият үйү өрттөнүп кеткендигине байланыштуу анда эмгектенген 4 (төрт) кызматкерге эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу максатында Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы маданият үйү күйүп кеткендигине байланыштуу анда эмгектенген 4 (төрт) кызматкерге (маданият үйүнүн башчысына, көркөм жетекчисине, кароолчусуна жана китепканачысына) эмгек акы төлөө 2025-жылдын 1-январынан тартып убактылуу токтотулсун.
2.Маданият үйүнүн тазалоочусунун иш орду сакталсын. Тазалоочу кароолчунун милдетин аткарып, айыл өкмөттүн кеңсесин тазалоо жагы милдеттендирилсин.
3.Маданият үйүнүн курулуш иштери бүткөрүлгөндөн кийин эмгек акы төлөө улантылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |