Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 4
Кашка-Суу айылындагы таза сууга болгон төлөмдү бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айылындагы таза суунун курулушу бүтпөй тендер сотко өтүп кеткендигине байланыштуу Кашка-Суу айылынын элин таза суу менен камсыздап туруу максатында элдик жыйындын протоколунун негизинде таза сууну оңдоо, тетиктерин алмаштырып туруу жагы Кашка-Суу айылынын тургуну Колчоков Камаридинге тапшырылгандыктан, айыл эли таза сууга болгон төлөмдү убагында төлөөсү белгиленсин.
2.Материалдык чыгымды эске алуу менен таза сууга болгон төлөм 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |