Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 5
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кырчын” участкасынын №552-контурунан 4,48га жайыт, №553-контурунан 0,22га ыңгайсыз жер, №554-контурунан 0,52га жайыт, №555-контурунан 0,91га жайыт, №556-контурунан 0,80га жайыт, №557-контурунан 1,26 га жайыт, №558-контурунан 2,60 га жайыт, №559 контурунан 5,71 га жайыт,№563-контурунан 15,65га жайыт, №564-контурунан 0,96га, ыңгайсыз жер, №565-контурунан 15,42 га жайыт, №567-контурунан 1,47га жайыт “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жалпы 50,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |