Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 8
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуу катын кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылынын жашоочуларынын кайрылуу катын карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы “Мазар” участкасында жайгашкан “Ак-Тилек” көчөсүндө башкы пландагы турак-жай куруу үчүн көрсөтүлгөн 0,15 га жер аянтынын багыты мечит курууга өзгөртүлүп, мечит куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөөнү Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |