Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 9
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылына көмөкчү чордонун куруу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга чектеп берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылына көмөкчү чордонун куруу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга чектеп берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылындагы таза суу түтүгүнүн кошумча суу насосуна көмөкчү чордон куруу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн 25 (жыйырма беш) жылга убактылуу пайдаланууга алынган 0,25 га жер аянтынын ичинен 100м2 жер аянтын убактылуу пайдаланууга чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |