Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 12-январы № 10
Кашка-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы К.Мамараимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндө мыйзамынын VII бөлүмүнүн 33-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма) миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.А.Жалиловко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Карыбеков |