Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 1
Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-Январындагы № 23/25/01-4/51 сандуу катын кароо жөнүндө
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Н.Ярматов Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-Январындагы № 23/25/01-4/51 сандуу каты негизинде 2025-2027-жылдардын салык мезгилинде турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ченемин бекитип берүү боюнча малыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин,суроо талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү Мыйзамыны жетекчиликке алып Чек-Абад айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл аймагынын тургундарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн 1- топтогу мүлк салыгы ар бир чарчы метирине 15 (он беш) сомдон салык ченеми белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүнүн мулк ээлерине салык ченеми 15 сомдон болуп белгиленгени боюнча айыл тургундарына жеткирүү жана жыл ичинде жыйналуучу салыктарды өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Н.Ярматовго жүктөтүлсүн.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык кеңешинин эканомика,бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |