Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2025-жылдын 24-январы № 1
2025-2027-жылдарга карата Чек-Абад айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Чк-Абад айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-2027-жылдарга карата Чек-Абад айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Чек-Абад айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.И.Колдошовго тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |