Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 1
Чек-Абад айылдык округунун 2025-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айылдык округунун 2025-жылга карата киреше жана чыгашалар 45294,8 миң сом суммасында жана 2026-жылга 48165,6 миң сом божомолу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Чек-Абад айыл округунун 2025-2026 жылдарга негизги каражаттарынын болжолу жактырылсын.Теңдештирүүчү грант боюнча божомолдуу параметрлери кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын
3.Айыл өкмөтүнүн киреше булагына чегерүүлөр.- ишчи кызматчылардын эмген акынан алынуучу киреше салыгынын 100% олчомундо чегирилсин.Транспорт,жер жана ыктыярдуу мажбурдуу потенттен алынуучу салык,кыймылсыз мулк салыгы бирдиктуу салык КБФ жерлеринин ижара акысы 100% өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине чегерилсин.
4.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн толомдор жергиликтуу бюджеттин киреше болугуно толугу менен чегерилсин
5.2025-жылга Кыргыз Республикасынын республыкалык бюджети менен бөлүнгөн теңдөөчү гранттын жалпы суммасынын өлчөмү 19082,2 сом белгиленип чыгашалардын жалпы суммасында жергиликтуу бюджет үчүн бекитилсин.
6.Чек-Абад айылдык округунун 2025-жылга бюджеттин киреше булактары жана чыгашанын каржылоого каражаттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы,социалдык фондуна чегерүүлөр,тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлөт.
8.Чек-абад айыл өкмөтү Араван районунун 90-жылдык марекесине карата жана аскердик машыгууну откоору боюнча керектүү каражаттарын чечып берилсин.
9.Чыгашалардын каралган беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айылдык кеңешинин бюджет боюнча комиттетери жана айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
10.Кеңеш төмөнкүлөрго укуктуу:
-Эгерде бул айылдык бюджетинен киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе,ушул токтомдун тиркелген тиркемегеи ылайык өзгөртүү киргизүүгө.
-Кирешелерди болжолдогондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга.
11.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштүү Достук,(500 мт) Алакбый, (500 мт) Г.Мамиров (300 мт) жана Жаштар (500 мт) көчөлөрүна асфальт төшө үчүн керектүү каражаттарын чечып берилсин.
12.Айылдык Кеңештин экономика,бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясын, бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы жана бюджетти толуктоо боюнча жргүзүп жаткан иштерге көмөк көрсөтү мидеттендирилсин.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |