НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/5
“Нариман айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын жашоочуларын таза-суу менен камсыз кылуу максатында скважина куруу үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик
менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32- беренесине ылайык Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылынын №247 контурунда жайгашкан таза-суу скважина үчүн 0,48 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |