НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/6
“Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын жетекчисинин берген маалыматын угуп, кеңири ой пикир жана талкуулардын негизинде Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл өкмөтүнүн МИ Айыл Тазалык иш-канасынын 2024-жылга карата бюджетинин кирешеси 5 860 000 (беш миллион сегиз жүз алтымыш миң) сомго бекитилсин.
2. Нариман айыл аймагындагы ар бир кожолук таштандыларды чыгаруу үчүн бир айлык төлөмү 200 (эки жүз) сом өлчөмүнө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын МИ Айыл Тазалык иш-канасынын жетекчиси К.Хосиловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нариман айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |