Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 7
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу “Чек-Абад коммуналдык кызмат” ишканасын атайын техника менен камсыздоо жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу “Чек-Абад коммуналдык кызмат” ишканасын атайын техника менен камсыздоо максатында “ КАМАЗ-65115-самасвол” үлгусүндөгү таштанды жыйноочу атайын техниканы сатып алууга каражат карап берүү жагы Ош облусттук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынсын.
2.Облусттук өнүктүрүү фондуна тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы Чек-Абад айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо жана экномика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |