НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/11
“Нариман айыл аймагынын Жаңы-маала айылындагы Турсунзаде негизги мектебинин жерин чоңойтуу жөнүндө”
Нариман айыл өкмөтүнүн берген 19.02.2024-жылдагы №90 сураныч каты жана “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын берген каты, Жаңы- маала айылынын айыл башчысынын жазган арызы талкууланып, кеңири ой пикир, сунуштардар кийин Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын Жаңы-маала айылынын №349 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,29 га болгон, огород эсебинде белгиленген жер аянтынан 0,5 га жер аянты жаңы мектеп куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы |
| Х.Ш.Артыкова |