Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 6
Чек-Абад айыл өкмөтүнүнө караштуу Кочубаев айылынын жайгашкан №4- М.Улугбек атындагы орто мектептин чатырын жаңылоо
Кун тартибиндеги маселе боюнча М.Улугбек атындагы билим берүү уюмунун жетекчисинин арызын айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүнүнө караштуу Кочубаев айылынын жайгашкан №4- М.Улугбек атындагы орто мектептин чатырын жаңылоо үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнүнө караштуу Кочубаев айылынын жайгашкан №4- М.Улугбек атындагы орто мектептин чатырын жаңылоо үчүн, түзүлгөн сметанын жалпы суммасынын 2 669 000 сом акча каражаты Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2025-жыл жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомдун финансалык жактарын мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысына жүктөлсүн
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |