Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 5
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев айылынын Сай көчөсүн асфальттоо жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев айылындагы Сай көчөсүн асфальттоо үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев айылындагы Сай көчөсун асфальттоо үчүн, түзүлгөн сметанын жалпы суммасынын 697 000 сом акча каражаты Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2025-жыл жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомдун финансалык жактарын мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер ресурстары боюнча комитеттери жана экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |