Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 4
Чек-Абад айыл өкмөтүнүнө караштуу Кочубаев айылынын Кочубаев көчөсүнө 1,0 км узундукта тротуар (3-участок) куруу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кочубаев айылынын Кочубаев көчөсүнө 1,0 км узундукта тротуар (3-участок) куруу үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2.Чек-Абад айыл өкмөтүнүнө караштуу Кочубаев айылынын Кочубаев көчөсүнө 1,0 км узундукта тротуар (3-участок) куруу үчүн, түзүлгөн сметанын жалпы суммасынын 2 755 000 сом акча каражаты Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2025-жыл жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун финансалык жактарын мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысына жүктөлсүн
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер ресурстары боюнча комитеттери жана экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |