Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги

27-сессиясы

 

2024-жылдын 24-январы № 1

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Н.Темированын маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кеңештин 2024-жыл үчүн иш планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №1 токтому менен бекитилген

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

I. Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Ким маалымат берет

I

Биринчи квартал

 

 

 

1.

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Январь

Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Төраганын орун басары маалымат берет.

 

 

 

 

2

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгыш бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

январь

Бюджет комиссиясы.

Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

 

3

Жайыт комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө жана 2024-жылга жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

 

январь

 

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия жана экономика, бюджет комиссия

 

Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

 

 

 

 

 

4

Ар түрдүү маселелер

 

январь

 

 

5

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2024-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө

март

Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы

Айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берет

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

март

Бюджет комиссиясы.

Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

 

6

Көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн келишимдерди бекитүү жана алардын ишмердүүлүктөрүн кароо жөнүндө

март

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык жана Айыл башчылар

7

Ар түрдүү маселелер

март

 

 

 

 

 

II

Экинчи квартал

 

 

 

1

Салам-Алик айылдык аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү

Апрель

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл башчылар

2

Ар түрдүү маселелер

Апрель

 

 

III

Үчүнчү квартал

 

 

 

1

Бюджеттин 2024-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

июль

Бюджет комиссиясы

ФЭБ башчысы маалымат берет

2

Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктарынын бюджетке түшүшү жөнүндө

июль

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Бюджет комиссиясы

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү,

Салык  кызматкери маалымат берет

3

Ар түрдүү маселелер

июль

 

 

IV

Төртүнчү квартал

 

 

 

1

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө

Октябрь

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

2

Салам-Алик Жайыт комитетинин 2024 -жылдын 9 айынын пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Октябрь

Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары жана экономика, бюджет комиссиясы

Жайыт комитетинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы

3

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айлык пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

   Октябрь

Бюджет комиссиясы.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

 

4

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча кызматкердин социалдык абал боюнча иштери жөнүндө

декабрь

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Соц.адис, айыл башчылар

 

II. Уюштуруу-массалык иштер:

 

1

Депутаттык окууларды уюштуруу

Кварталда бир жолу (сураныч боюнча)

Кеңештин төрагасы жана орун басары

 

2

Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу

4 айда бир жолу

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына 1 жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

 

 

Төрайымдын орун басары Н.А.Темирова