Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 3
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансында турган Каррак арыгын Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансынан Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарын ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансында турган Каррак арыгы Араван райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.
2.Кун тартибиндеги каралган маселе боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жер ресурстары,өсүмдүк өстүрүү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси З Базарбаевге жүктөтүлсүн
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер ресурстары боюнча комитетинин төрагасы С.Эралиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |