Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025-жылдын 9-январы № 2
Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча
Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айылдык Кеңешинин депутаттарынын суроо талаптарын жана ой пикирлерин угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2.Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан Каррак арыгын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн балансына алуу үчүн керектүү кагаздарды даярдоо айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, өсүмдүк өстүрүү жана ӨК боюнча башкы адиси З Базарбаевке жүктөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Чек-Абда айылдык Кеңешинин агрардык жана жер боюнча комитетинин төрагасы С.Эралиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.А. Нуралиев |