САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз
28-сессиясы
2024-жылдын 10-февралы № 6
“Пчелопитомник” акционердик коому пайдаланып жүргөн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жайыт жер тилкесин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына (балансына) өткөрүп алуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 64-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, 1998-жылы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынан “Пчелопитомник” акционердик коомуна өткөрүлүп берилген 6,1 га жайыт жер аянтын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 11-254-24-сандуу талап катына ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Пчелопитомник” акционердик коомуна берилген жер тилке ээсинин жерге болгон укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 2,15 га жайыт жер аянтын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 7-февралындагы № 11-254-24-сандуу талап катында көрсөтүлгөн 6,1 га жайыт жер аянтынын ичинен 2,15 га Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, калган 3,95 га жайыт жери Ак-Жар айыл өкмөтү менен Өзгөн токой чарбасынын аймагында жайгашкандыгы эске алынсын.
3. Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттерди аткаруу жана аткарылышын кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |