Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 8
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 42822,7 (кырк эки миллион сегиз жүз жыйырма эки миң жети жүз) сомго жана 2023-жылдын бюджетинни чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 31854,4 (отуз бир миллион сегиз жүз элүү төрт миң төрт жүз) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |