САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 9
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2024-жылы айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2024-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2024-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо боюнча сунуштарын талкуулап жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган 10 031 564-00 (он миллион отуз бир миң беш жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калдык болуп өткөн 10 031 564-00 (он миллион отуз бир миң беш жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты 2024-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү иштерине жумшоого макулдук берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына калган окуучулардын тамак-ашынан үнөмдөлгөн атайын каражат эсебинен 55 899-00 (элүү беш миң сегиз жүз токсон тогуз) сом акча каражаты бекитилсин.
4. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |