Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
29-сессиясы
2024-жылдын 17-февралы № 10
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын кайрылуулары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана жарандардын арыз-кайрылууларын карап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Этер айылынын жамаатынын 2024-жылдын 25-январындагы кайрылууда жазылган Таш-Кыя участкасындагы элдин үлүш жерлерине суу чыгаруу үчүн 100 дүк өлчөмдөгү 1500 метр пластик труба алып берүү боюнча Кош-Этер айылынын көйгөлүү маселелерин чечүүдө 2024-жылга Кош-Этер айылына бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн башчысы К.Жумабаевдин 2024-жылдын 29-январындагы кайрылуусунда жазылган маданият үйүн толук кандуу иштеши үчүн театралдык отургучтарды оңдоого жана аккордеон, комуз, шынгырчак аспаптарын алуу үчүн 110000-00 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Өзгөн РИИБнүн Мырза-Аке АМБнүн башчысы М.Алтынбековдун 2024-жылдын 30-январындагы кайрылуусунда жазылган Салам-Алик айыл аймагынын калкынын коопсуздугун тейлеген милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө кызматтык автоунаа үчүн күйүүчү майына акчалай көмөк көрсөтүп бюджеттен каржылоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Атуул Бакышев Алишердин 2024-жылдын 5-февралындагы арызында көрсөтүлгөн Кош-Этер айылындагы Үркүнбай уулу Бакыш атындагы көчөсүндөгү калктын жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 7 даана электр столба алууга каражат бөлүп берүү боюнча Кош-Этер айылынын көйгөлүү маселелерин чечүүгө 2024-жыл үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |