Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги

29-сессиясы

 

2024-жылдын 17-февралы № 12

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйүнө Кызыл-Байрак айылынын тургуну, маркум Абдыразаков Шамшидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, жана Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйынынын 2024-жылдын 11-февралындагы № 1-сандуу токтомуна ылайык жана Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы М.Караевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйүнө Кызыл-Байрак айылынын атуулу, маркум Абдыразаков Шамшидиндин ысымы ыйгарылып, “Абдыразаков Шамшидин атындагы Салам-Алик борбордук маданият үйү”-деп атоого макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева