Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен айылдар боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 30-уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 1-марты № 16
“Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-феврлындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдыке кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына бириктирилгендигине байланыштуу “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин жаңы редакциядагы Убактылуу Жобосу бекитилсин.
2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемеси.
расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Салам-Аликского айылного аймака".
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-си.
расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Салам-Аликского айылного аймака".
3. “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, №1 аныкталсын.
4. “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Төрайым: |
| Б.М.Калмурзаева |
1-тиркеме
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-мартындагы № 16 токтому менен бекитилди
Салам-Алик айылдык кеңешинин убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Айылдык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин-Тоо жана Карчабек айылдарын Салам-Алик айыл аймагына бириктирилген Салам-Алик айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген), Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.
- расмий тилде: Учреждение «Айылный кеңеш Салам-Аликского айылного аймака».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айылы, Ж.Раимбеков көчөсү, № 1.
4. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат
2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укутук формасы-сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24-Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Айылдык кеңештин чечимдери
8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Айылдык кеңештердин ченемдик укутук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары-буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчүнө кирет.
Айылдык кеңештердин ченемдик укутук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Төрайым Б.М.Калмурзаева