Редакцияот 01.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы

 

2024-жылдын 1-марты № 18

 

Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын жеке менчик турак жайынын багытын өзгөртүп, диний окуу жай багытына каттоо жөнүндө

 

          «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Ара-Көл айылынын 2024-жылдын 1-мартындагы элдик жыйынынын протоколуна ылайык, Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын 2024-жылдын 28-февралындагы жазган арызынын негизинде, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-декабрындагы № 44-сандуу токтому менен берилген Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхактын №130а контурундагы жеке менчик турак-жай багытындагы идент. коду № 5-06-16-1004-0201 сандуу номериндеги турак-жай үйүнүн 400 м.кв. жер аянты менен жеке менчик турак-жай багыты өзгөртүлүп, Ара-Көл айылындагы диний окуу жай багытына ыңгайлаштырып каттоого макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун келип чыккан иш-аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, турак-жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрайым:

 

Б.М.Калмурзаева