Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 8-шайланган) № 2-сессиясынын жыйналышынын
2024-жылдын 29-ноябры №2/1
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине, Сары-Күңгөй айылындагы И. Орозалиев атындагы орто мектебине жана Кызыл-Булак айылындагы К. Чаргынов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга долбоорлорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине, Сары-Күңгөй айылындагы И. Орозалиев атындагы орто мектебине жана Кызыл-Булак айылындагы К. Чаргынов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга долбоорлорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин Маданий иш жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29.11.2024-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине, Сары-Күңгөй айылындагы И. Орозалиев атындагы орто мектебине жана Кызыл-Булак айылындагы К. Чаргынов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга долбоорлорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын катары акча каражатын бөлүп берүү үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин Маданий иш жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29.11.2024-жылдагы маалыматы жактырылсын.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебине, Сары-Күңгөй айылындагы И. Орозалиев атындагы орто мектебине жана Кызыл-Булак айылындагы К. Чаргынов атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга долбоорлорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын катары акча каражатын бөлүп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен Тогуз-Булак айылындагы Тогуз-Булак орто мектебиндеги кичи фудболдук аянтча курууга өздүк салымы үчүн 781738 сом, Сары-Күңгөй айылындагы И. Орозалиев орто мектебиндеги кичи фудболдук аянтча курууга өздүк салымы үчүн 791714 сом, Кызыл-Булак айылындагы К. Чаргынов орто мектебиндеги кичи футболдук аянтча курууга өздүк салымы үчүн 807897 сом Жалпы: 2381349 (эки миллион үч жүз сексен бир миң үч жүз кырк тогуз) сом акча каражаты бөлүнүнп берилсин.
3. Долбоорду колдоп берүү жагы Кара-Кулжа райондук түткү берүүчү үлүштүк грант боюнча комиссиясынын курамынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Абдыманап уулу А. |