Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган
(8-шайланган) № 2-сессиясынын жыйналышы
2024-жылдын 29-ноябры №2/2
Сары-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 157 “Улуттун наркы жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 01-13/459 чыгуу санындагы катына ылайык Сары-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставын талкуулоодо жамааттардан келип түшкөн сунуштарды эске алып Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2.Сары-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы sary-bulak.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин катчысы К. Төрөгелди уулуна милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Ж. Акбарали уулуна) тапшырылсын.
5.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыманап уулу А. |