Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 23-декабры №3/4
Сары-Булак айылдык аймагынын Сары-Күңгөй айылынын “Ак-Колот” участкасына Макам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык бекитилсин.
2.Сары-Булак айылдык аймагынын Сары-Күңгөй айылынын “Ак-Колот” участкасына Макам берилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айылдые Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдыманап уулу А. |