Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз чакырылган (VIII шайланган) 4-сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 31-январы №4/1
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 25581800 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл окуругунун чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
3. 2026-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери болжолдуу 26396800 сом жана 2027-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу кирешелери 27423800 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Бекитилген бюджеттин аткарылышын жана сарамжалдуу сарпталуусун көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Абдыманап уулу А. |