Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз чакырылган (VIII шайланган) 4-сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 31-январы №4/3
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал үчүн 100 ( жүз) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыкка 20 (жыйырма) сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушун кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал үчүн 100 ( жүз) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыка 20 (жыйырма) сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына бодо малдарга жайыт акыларынын көлөмү ар бир бодо мал үчүн 100 (жүз) сомдон жана жандык малдар үчүн ар бир жандыкка 20 (жыйырма) сомдон жайыт акы төлөнүп алынсын деген Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйналышынын сунушу бекитилсин.
2.Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына ар бир бодо мал үчүн 100 (жүз) сомдон жана ар бир жандыкка 20 (жыйырма) сомдон жайыт акы мал ээлеринен өндүрүлүп алып жайыт планына төгүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Абдыманап уулу А. |