Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук кеңешинин кезексиз чакырылган (VIII шайланган) 4-сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 31-январы №4/5
"Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Сары-Булак айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бекитүү:
-Сары-Булак айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;
- имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык;
2.Сары-Булак айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Абдыманап уулу А. |