Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/1
Жазы айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын Жазы айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Камчибеков Колдош Абдулатович Жазы айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| Д. Назирбаев |