Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/3
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 271 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Жазы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20 -сентябрындагы кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 271 Жарлыгын аткарууга жана жетекчиликке алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 271 Жарлыгын аткарууга алынып, “Элдик Курултайдын делегаттарынын бөлүнүшү квоталары”, “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобосуна” ылайык Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу өкулдөрдүн тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жободо көрсөтүлгөндөй айыл аймактын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучу өкулдөрдүн жалпы саны 200 өкүл
- Кызыл-Тоо айылы боюнча - 25 өкүл;
- Дөңуз-Тоо айылы боюнча - 4 өкүл
- Ак-Кыя айылы боюнча - 10 өкүл;
- Жээренчи айылы боюнча - 20 өкүл;
- Кара-Дыйкан айылы боюнча - 40 өкүл;
- Кызыл-Дыйкан айылы боюнча - 20 өкүл;
- Жазы айылы боюнча - 10 өкүл
- Токтогул айылы боюнча- 10 өкүл;
- Жаңы-Айы айылы боюнча - 10 өкүл;
- Кайрат айылы боюнча - 10 өкүл;
- Аюу айылы боюнча - 10 өкүл;
- Зергер айылынан - 10 өкүл;
- Кутурган айылынан - 10 өкүл;
- Ничке -Сай айылы боюнча - 11 өкүлчүлүгү ченемге ылайык бекитилсин.
Төрага: |
| К. Камчибеков |