Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралы № 3/17
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Зергер айылындагы Зергер суусуна кичи ГЭСти куруу үчүн берилген жер тилкесин багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна көмөк көрсөтүү максатында кичи ГЭС куруу үчүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-жана 34-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-жана 82-беренелеринин Кыргыз Республикасыны өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомунун , Кыргыз Республикасынын “ Кайра жаралуучу булактары жөнүндө” 2022-жылдын 13-сентябрындагы №155-токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Зергер дарыясынын “Чат” участкасынан жалпы төмөндөгү
-№519 контур 0,59га токой
-№521 контур 0,06га токой
-№523 контур 0,02га таштуу жайыт
-№524 контур 0,04га токой
-№525 контур 0,21га бадалдуу жайыт
-№525а контур 0,03га бадалдуу жайыт
-№546 контур 0,42га бадалдуу жайыт
-№547 контур 0,25 га бадалдуу жайыт
-№548 контур 0,17га бадалдуу жайыт
-№661 контур 0,30га бадалдуу жайыт
-№662 контур 0,03 га токой
-№665 контур 0,37га бадалдуу жайыт
-№667 контур 0,11га бадалдуу жайыт
Жалпы 2,60га жер тилкеси кичи ГЭС куруу үчүн чарба багытындагы жерлер категориясынын 2,60га жер тилкесин “Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) жана жалпы 2,60га жер тилкелери мамлекеттик менчикке каттоого алынсын.
2.Тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| К. Камчибеков |